​Саламаттыкты сактоо министри COVID-19 менен ооруп калды

  • 3 года мурун

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус илдетине чалдыкканын билдирди.


«Мен аконитти үчүнчү күн ичип жатам. Жакшы болуп калдым. Кечээ кыйналып жаткам. Бүгүн сүйлөп калдым. Аралыктан иштөөгө өттүм», — дейт министр.

Кечээ, 24-июнда Министрлер кабинетинин кезексиз жыйынында калкты коронавирус инфекциясына каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп табылган. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге жана анын орун басары Жалалидин Рахматуллаевге эскертүүлөр берилген.

Ушул жылы 16-апрелде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирусту уу коргошун менен айыктыруу ыкмасы тууралуу «Кабар» агенттигинде пресс-конференцияда берип, түз эфирде уу коргошун ичкен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты