​Камчыбек Ташиевдин баласы Жалал-Абад шаар башчыларын зекиди

  • 3 года мурун

Жалал-Абад шаардык кеңешине депутат болуп келген УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев коронавирус илдетине каршы күрөштө жетиштүү чара көрбөй жаткан жергиликтүү бийликти зекиди.


Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбековага кайрылып:

“Жасаган ишириңердин жыйынтыгы — нөл. Ооруну жуктургандар көбөйүп жатат, соцтүйүндөргө сүрөткө түшкөндөн башка эмне иш кылдыңар? Мен кафе иштетем, бирөөңөр да келип текшерген жоксуңар. Официанттар, администратор эч кимиси беткап кийбей жүрүшөт. Эмне үчүн чара көрбөйсүңөр?”, — деди.

Тай-Мурас Ташиев шаардык чиновникти урушуп жактанда, өзү да беткабын чечип коюп сүйлөп жаткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты