Пара менен кармалган “ырымчыл” декан үй камагына чыкты
- 3 года мурун
Өткөн жумада Ж. Баласагын атындагы КУУнун Оштогу филиалынын гуманитардык-табигый илимдер факультетинин деканы системалык түрдө чет элдик студенттерден пара алганы аныкталып, камакка алынган.
22-июндагы Ош шаардык сотунун чечими менен ал үй камагына бошотулган.
Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшүнө кант диабети менен ооруганы, жаш балдарын жалгыз өзү багып келгени эске алынган.
18-июнь күнү УКМК кызматкерлери КУУнун Ош филиалындагы системалык түрдөгү пара алуу схемасын аныктап, системалык түрдө пара алып жүргөн шектүүнүн акчаларды столуна ургулап, ырымдап жаткан видео тасманы жарыя кылган.
Муну бөлүшүү