​“Центерранын” коррупциялык иш-аракеттери боюнча Канада бийлигине арыз жазылды

  • 3 года мурун

Кыргызстандагы бир катар коомдук уюмдар Канаданын премьер-министри Жастин Трюдого кат жазып, Кумтөр кенин иштеткен “Центерра” компаниясынын коррупциялык иштерин, экологияга жасаган жырткычтык мамилесин баяндап беришкен.


“КРнын коррупцияга каршы ишкерлик кеңеши”, «Туура кадам» коомдук бирикмеси, “Кыргызстандын лидерлер тармагы” жана «Жаңы Муун» коомдук фондунун өкүлдөрү жиберген катта:

“Центерранын” президенти баш болгон бир катар Канада жарандарынын “Кумтөр” кениндеги коррупциялык иштери боюнча иликтөө жүргүзүүнү суранабыз. Алар Канаданын мыйзамдарына ылайык жасаган коррупциялык кылмыштары, кендеги мөңгүлөргө жырткычтык менен мамиле жасагандыгы үчүн жоопко тартылышын суранабыз”, — деп жазылган.

Ошондой эле, активисттер “Центерра” “Кумтөр” кениндеги мөңгүлөрдүн жылып туруусун көзөмөлдөгөн автоматтык сканерлөө системасын өчүрүп салганын, бул жумушчулардын коопсуздугуна коркунуч келтирип жатканын кошумчалашкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты