Садык Шер-Нияз элчилик кызматка кетти
- 3 года мурун
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Садык Шер-Нияз Кыргыз Республикасынын Франциядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси жана БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмундагы (ЮНЕСКО) туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
“Ата-Мекен” партиясынын атынан ЖК депутаты болгон Садык Шер-Нияз былтыр октябрь окуяларынан кийин мандатын өткөрүп берген.
Акыркы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, кийин Садыр Жапаровдун пайдасына жарыштан четтеген.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү