​Үй-бүлөлүк зомбулукка баргандар 5 жылга чейин камалат

  • 3 года мурун

Кыргызстанда акыркы жылдары күч алган үй-бүлөлүк зомбулукка каршы катаал чараларды колдонулганы турат.


Башкы прокуратура үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөр мурдагыдай айып пул менен кутулбагандай сунуштарын берүүдө.

Башкы прокуратуранын өкүлү Нурдин Алымкуловдун айтымында, мыйзам бузуучуга алгач айып салынат, эгер зомбулугун дагы да уланта турган болсо камакка алуу чарасы колдонулат.

“Биз алгач 5 суткага чейин камакка алуу же коомдук жумуштарга тартуу чарасын колдонобуз. Эгер зомбулук бир жыл аралыгында дагы кайталанса, 3 айдан 1 жылга чейин абак мөөнөтү берилет. Зомбулуктан түрүнө карап, 40-100 саат коомдук жумуштарга тартуу, 5 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу чаралары да каралган”, — дейт көзөмөлдөөчү органдын өкүлү.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты