​Коронавируска каршы түрк вакцинасы Кыргызстанда сыналат

  • 3 года мурун

Түркия коронавируска каршы өз вакцинасын иштеп чыккан. Turcovac деп аталган вакцинаны сыноо иштери Кыргызстан, Венгрия жана Азербайжанда жүргүзүлөт.


Түркия Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын айтымында, жаңы вакцинаны изилдөө ишине жогорудагы 3 мамлекеттин 40 800 ыктыярчылары катышып, дарыны сыноодон өткөрүшөт.

Turcovac вакцинасын Түркиянын Эржиес университети Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте иштеп чыгып, 3-сыноо фазасын 22-июнда башташкан.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги ушул жылдын сентябрь айына чейин 1 миллион кыргызстандык коронавируска каршы эмдөөдөн өтөт деп убада кылган.

Бирок, учурда вакцинация иши өлкөдө өтө жай жүрүүдө.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты