Кыргызстанда контент түзүү боюнча MediaJasa билим берүүчү долбоору ишин баштады

  • 3 года мурун

«Борбордук Азиядагы Эл аралык билим берүүчү дебат ассоциациясы » (IDEA CA) коомдук фонду «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосу менен контент түзүү боюнча MediaJasa долбоорун ишке киргизди.


Долбоордун максаты – контент түзүүчүлөрдү жана авторлорду идея жаратууга, медиапродукцияларын Кыргызстанда гана эмес, эл аралык аренада өнүктүрүүгө жана жайылтууга үйрөтүү.

2021-жылдын 5-июлуна чейин ар бир каалоочу идеялардын сынагына анкета толтуруп, өзүнүн долбоорун ишке ашыруу үчүн мини-гранттарды алганга мүмкүнчүлүккө ээ болот.

MediaJasa долбоору жарандык баалуулуктар жана эркиндиктер жөнүндө дискурстарды түзүүгө багытталган мультимедиа долбоорлорун жана демилгелерин колдойт. Мисалы: феминизм, теңдик, жарандык активдүүлүк, саясий сабаттуулук, сергек жашоо образы, экоактивизм, лайфстайлинг ж.б.

Долбоор бир нече этаптардан турат:

  • Каалоочулар контенттин түрлөрү жана алардын өнүгүүсүнүн ыкмалары жөнүндө көбүрөөк маалымат ала тургандай mediajasa.ideaca.today сайтын ишке киргизүү. Ушул эле баракчада алар өз идеяларын жүзөгө ашыруу үчүн каржылык жардам сурап кайрыла алат.
  • Август айынан баштап октябрга чейин ментордук программанын алкагында идеяларды жүзөгө ашырууну колдоо.
  • Ноябрда жыйынтыктоочу отчеттук офлайн- жана онлайн-фестивалдарын өткөрүү.
  1. Мыкты медиадемилгелердин конкурстук тандоосу. Популярдуу аянтчаларда (социалдык тармактар жана мессенджерлер) чыгармачыл жана мыкты долбоорлору менен бөлүшкөн контенттерди кубаттайбыз.
  2. Июлда эки күндүк BoostCamp өткөрүү: блогерлерден жана инфлюенсерлерден экспресс-лекциялар, воркшоптор, панелдик сессиялар жана мастер-класстар. Питчинг-сессиялардан кийин өздөрүнүн долбоорлорун жайылтуу үчүнмини-гранттарга ээ болуучу финалисттер тандалат.
  3. Сынакка катышуу үчүн шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруңуздар.

Планда 300 миңден ашуун онлайн аудиторияны камтуу. MediaJasa долбооруна маалыматтык өнөктөшү катары чакырабыз!

Бардык суроолор боюнча долбоордун координатору Саида Нуралиева менен байланышсаңыздар болот:

+996 779 696 995

snuralieva@idebate.org

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты