​»Көчөдө чачылып жаткан белгисиз заттан улам ооругандар көбөйүүдө» деген маалымат чындыкка дал келбейт

Элнура Кулуева аттуу Фейсбук колдонуучусу өз баракчасына шаар көчөлөрүнө кечинде чачылып жаткан белгисиз зат тууралуу пост киргизди. Колдонуучу өз постунда өткөн жылы да автоунаа жана учак менен белгисиз нерселер чачылгандан кийин пандемия күчөп кеткендигин эскертип, тынчсыздануусун билдирген.


ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Колдонуучу киргизген видеодо шаар тургундары бак-дарактарга чачылып жаткан заттан шектенип, “Бир жумадан кийин оорулуулар көбөйөт деп атышты беле, мына көрүңүздөр” деген сөздөрдү айтышкан.

Колдонуучу шилтеме берген видео Кактус Медиасынан алынган. Медиа бул видеону шаардагы бак-дарактарды дезинсекциялоо учурунда тартылгандыгын жана бул мэрия тарабынан да ырасталдыгын жазган.

Ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын маалымат катчысына кайрылганыбызда:

“Бул сыяктуу тазалоо иштери шаарыбызда ар жылы жаз айларынан баштап эле өтүп турат. Сайтыбызда бул тууралуу кенен маалымат ала аласыздар”, — деп жооп берди. Мэриянын сайтында, бактарга чачылган эритменин курамы жана анын ден соолукка эч кандай зыяны жок экендиги тууралуу маалымат берилген.

​"Көчөдө чачылып жаткан белгисиз заттан улам ооругандар көбөйүүдө" деген маалымат чындыкка дал келбейт


Эритименин курамындагы инсектицид курт-кумурскаларга каршы айыл-чарбада кеңири колдонулган химиялык препарат.


​"Көчөдө чачылып жаткан белгисиз заттан улам ооругандар көбөйүүдө" деген маалымат чындыкка дал келбейт

Ал эми колдонуучунун пикириндеги өткөн жылкы унаадан жана “самолёттон” болгон дезинфекцияга келе турган болсок, ӨКМ бул тууралуу:

“Өткөн жылы пандемия учурунда вирустун жайылышына каршы дезинфекциялоо иштери болгон. Бул процесс атайын унаалар жана керектүү коргонуучу костюмдарды кийген кызматкерлер аркылуу жүргүзүлгөн. Аба аркылуу бул процесс жүргөн эмес”, — деп жооп берди. Белгилей кетсек, өткөн жылы тик учак аркылуу белгисиз заттар чачылды делген видео тарап, кийин бул маалыматтын фейк экендиги аныкталган.

Дезинфекциянын өлкөдөгү коронавирус менен ооругандардын санынын көбөйүүсүнө тиешеси жок

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна ылайык адам байланыш курган тегиздиктерди вирусту өлтүрүү максатында дезинфекциялап туруу маанилүү. Ал эми тазалоо иштерин оорулуулардын санынын жогорулашы менен байланыштыруу туура эмес.

Кыргызстанда жакынкы эки жума ичинде коронавирус менен ооругандардын санынын өсүшү болжолдонуп жатканы чын. Бул белгилүү “The Lancet” медициналык журналы тарабынан да белгиленген. Ага ылайык, алдынкы айларда Кыргызстанда вирустун айынан эң көп өлүм катталуусу күтүлүүдө

​"Көчөдө чачылып жаткан белгисиз заттан улам ооругандар көбөйүүдө" деген маалымат чындыкка дал келбейт

Мындай жыйынтыкка эксперттер ар бир өлкөнүн вакцина менен камсыз болуусун, жаңы штаммдарга каршы вакциналардын эффективдүүлүгүн, өлкөлөрдөгү вакцина жана вируска болгон ишенбөөчүлүк деңгээлин, тиешелүү мамлекеттердеги штаммдардын инфекциялуулугун жана алардын иммундук системаны бузуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен келишкен.

Кошумчалай кетчү нерсе, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев өлкөдөгү жалпы калктын 2,3%ы гана вакцинациядан өтүп, алардын 1,5% экинчи дозасын алганын кабарлаган.

Пандемия учурунда Кыргызстанда вирус жалпы 118 миң адамдан аныкталып, 106 миңи айыккан. 1958и көз жумган. Бул көрсөткүч күн санап өсүүдө.

Жыйынтык: Шаардагы бак-даракка чачылган эритменин ден соолукка зыян болушу мүмкүн делген маалымат жалган жана covid-19 менен ооруган элдин санынын өсүшүн дезинфекциялоо иштери менен байланыштыруу негизсиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты