​Кыргыз министринин билдирүүсүн казак чиновниги төгүндөдү

  • 3 года мурун

Кечээ жакында эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Казакстандан коронавируска каршы QazVac вакцинасы келээрин билдирген.


Министрдин бул билдирүүсүн Казакстандын вице-премьер министри Ералы Тугжанов төгүндөдү.

QazVac вакцинасы азыр айына 25 миң доза өлчөмүндө өндүрүлүп жатканын айткан казак чиновниги күзгө жакын айына 600 миң дозага чыкканда гана, башка өлкөлөргө жиберүү тууралуу сөз кылса болоорун кошумчалаган.

“Туура, вакцина сураган өлкөлөр бар. Бирок биринчи кезекте өзүбүздүн калкыбызды эмдөөдөн өткөрүшүбүз керек. Ошондуктан, жакын арада, негизи эле күз айларына чейин башка өлкөлөргө вакцина бере албайбыз. Ал эми Кыргызстандан чынында кайрылуу келген. Күз айларында 600 миң дозага чыксак, бул маселени карап көрсөк болот”, — деген.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандарын жокко чыгарган мындай төгүндөөлөр биринчи жолу болуп жаткан жок.

Буга чейин Президент Садыр Жапаровдун маалымат катчылары Галина Байтерек менен Эрбол Султанбаевдер Алымкадыр Бейшаналиевдин айткандарына түзөтүү киргизип келишкен.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты