​Кубат Болотканов эл өкүлдөрүнө эшек такалап жүрбөгөнүн айтты

  • 3 года мурун

Бүгүн, 23-июнда, Жогорку Кеңеш Коомдук телерадио корпорациясынын Байкоочу кеңешинин 2020-жылдагы телеканалдын ишмердүүлүгү жөнүндө отчетун укмак.


Жыйынга КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Кубат Болотканов менен телеканалдын башкы директору Бахтияр Алиев катышып жаткан.

«Бир бол» фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов жыйынга КТРКнын Байкоочу кеңешинин бардык мүчөлөрү эмне келген жок деген суроосуна Байкоочу кеңештин төрагасы Кубат Болотканов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу экөө эле чакырылганын айткан.

Мындай жоопко канааттанбаган Улукбек Ормонов Байкоочу кеңештин отчетун кароону башка күнгө жылдырып, күн тартибинен алып салууну сунуштаган.

Депутаттар бул сунушту көпчүлүк добуш менен колдоп беришкен.

Эл өкүлдөрүнүн мындай мамилесине нааразы болгон Кубат Болотканов «Биздин дагы жасай турган иштерибиз бар. Биз эмне эшек такалап жүрөбүзбү? Эртеңки жыйыныңарга келе албайм”, — деди.

Парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмас Абытовго эскертүү жасап: “Ага ким микрофонду берди? Ага сүйлөөгө ким уруксат берди? Эч ким уруксат берген жок”, — деп жинденди.

Фото ЖК сайтынан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты