​Кубанычбек Турдубаевдин иштен алынышына буйрукту аткарбай, калп айтканы себеп болгон

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда ишкерлер менен болгон жолугушуусунда Энергетика жана өнөр жай министрлигинин мурдагы башчысы Кубанычбек Турдубаевди эмне себептен жумуштан алганын түшүндүрдү.


Президенттин айтымында, ал мурдагы министрге чакан ГЭСтер менен келишим түзүп, алардан мамлекет электр энергиясын түз сатып алгыдай шарт түзүүнү бир нече ирет тапшырган.

Бирок “чакан ГЭСтер боюнча маселени чечтим”, — деп экс-министр К.Турдубаев Президентке калп айткан.

Садыр Жапаров учурдагы Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жетекчилерине кайрылып, “маселени 2 күндүн ичинде чечесиңер, болбосо мага арызыңарды жазып алып келесиңер” деди. Ошондой эле Президент буйрукту аткарбай саботаж кылган мамлекеттик чиновниктер мындан кийин кызматтан гана алынбастан, камалып да кетиши мүмкүн экенин эскертти.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты