​УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жоюлат

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын бизнес коомчулугу менен жыйын өткөрдү.


Ишкерлерге жасалып жаткан кысым үчүн өлкө башчысы укук коргоо органдарын кескин сынга алып, ушул жылдын жаз айында жоюлган Каржы полициясынын жоюлганын мисалга тартып, жакын арада дагы бир чечкиндүү кадамдар жасалаарын айтты.

«Каржы полициясын жоюу чечими бизнести коргоо максатында кабыл алынган. Ошондуктан, бул багытта дагы итер уланып, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы дагы жакында жоюлмакчы. Учурда тиешелүү жарлык даярдалууда», — деди мамлекет башчысы.

АКС деп 10 жылдан бери көпчүлүккө тааныш болуп калган УКМКнын бул кызматы 2011-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев демилгеси менен түзүлгөн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты