​Июлда күйүүчү май дагы кымбаттайт

  • 3 года мурун

Нефтетрейдерлер союзунун маалыматына караганда, келээрки айда күйүүчү май дагы 6 пайызга кымбатташы күтүлүүдө.


Бул кымбаттоолорго дүйнөдөгү мунай затына болгон баалардын өсүшү себеп болгон.

“Кыргызстан импортко көз каранды. Өндүрүүчүлөрдүн койгон баасына биз таасир эте албайбыз. Ошондуктан оорчулук келбеш үчүн күйүүчү май өтө көп колдонулган маалда мунайга болгон салыкты азайтуу, гибриддик жана электромобилдерди алып келүү шарттарын дагы жакшыртуу, газ куйуучу станция курулушунун нормаларын жөнөкөйлөштүрүү сыяктуу чараларды колдонушубуз керек”, — дейт мунай ташуучулар уюму.

Газ станциялары көп курулса, Кыргызтандагы газ менен жүрүүчү унаалардын саны артып, улуттук валютабыз дагы бекемделээрин кошумчалашкан.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты