​Россиялык бизнесмен Александр Лебедев Кумтөргө эмнеге келген?

  • 3 года мурун

Россиялык мультимиллионер Александр Лебедев өзүнүн Instagram баракчасына Кумтөр алтын кенине келгендигин жазып чыккан.

Кумтөр алтын кенин 4,4 км бийиктикте жана 1 км тереңдиктеги карьерди казуу 25 жылдан ашуун убакыттан бери жүрүп келе жатат. Бул жылдардагы киреше болжол менен 12 млрд долларды түшөт. Анын ичинен Кыргызстан расмий түрдө бир нече жүз миллиондон ашык доллар тапкан жок”, — дейт Лебедев.

​Россиялык бизнесмен Александр Лебедев Кумтөргө эмнеге келген?

Ал, өзүнүн баракчасындагы катталуучуларынын суроолоруна жооп берип жатып, бул акчанын көпчүлүгү “чет элдик чөнтөккө”, калган бөлүгү “жергиликтүү бийликтин чөнтөгүнө” түшкөндүгүн айтат.

Катталуучулардын бири Лебедевден “ал жерди тартипке саласызбы, же жөн гана жаңы бизнес ачуу мүмкүнчүлүгүбү?”, — деп сураган. Мультимиллионер «Президент Жапаров ишти иретке келтирүүнү чечти» деп жооп берген.

Бизнесмен Александр Лебедевдин Кумтөргө болгон иш сапары журналисттик иликтөөсү менен байланыштуу экендигин Кумтөр Голд Компаниясы билдирген.

Лебедев мырза өзүнүн журналисттик иликтөөсүн жүргүзүү максатында Кумтөр алтын кенине кирүү боюнча өтүнүчүн жиберген. Кумтөр Голд компаниясы өз ишмердүүлүгүн массалык маалымдоо каражаттарына чагылдырылып турушу үчүн аракет кылат. Биз буга чейин экспреттик кырдаалды обьективдүү чагылдыруу үчүн эл аралык, жергиликтүү ЖМКларды чакырганбыз. Эми да биз бардык тараптар үчүн ачык бойдон калабыз”.

Лебедевдин ким менен жолуккандыгы белгисиз. Анын постторунан 15-июнда Ысык-Көлгө баргандыгын көрүүгө болот. Дал ушул күнү Ысык-Көлгө иш сапары менен президент Садыр Жапаров да барган.

Ошондой эле, Лебедев Инстаграмм колдонуучусунун “сизге Кумтөрдүн эмне кереги бар?” деген суроосуна, “экологияга тийгизген зыянын жана мурдагы жетекчилердин пара алгандыгын далилдөөгө жардам берем”, — деп жооп берген.

Александр Лебедев деген ким?

Россиялык коомдук жана саясий ишмер. Александр Евгеньевич Лебедев 1959-жылы 16-декабрда Москва шаарында туулган. Ал Улуттук коруктар корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы, Мамлекеттик Думанын депутаты болгон.

​Россиялык бизнесмен Александр Лебедев Кумтөргө эмнеге келген?

Fobres.ru порталынын маалыматы боюнча Александр Лебедев Россиянын эң бай адамдарынын тизмесине киргизилген. Анын байлыгы 2006-жылы 3,7 миллиард долларды түзгөн, бирок 2013-жылы 600 миллион долларга араң жеткен.

2016-жылдын аягында Лебедев ден-соолукка пайдалуу тамак-аш кафелеринин тармагын түзүү боюнча “Петрушка” деп аталган долбоорун жарыялаган. Тармактын сайтында маалымдалгандай, учурда мындай үч кафе бар. Ошондой эле ал баш калаанын Petrushka Evening Standard ресторанына, Перминова Linen & Buckwheat Bakery компаниясына ээлик кылат.

2020-жылдын октябрь айында Garantex криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Сергей Менделеев жана IT — инженерлерлери Роман Моисеев жана Илья Бугаев менен биргеликте биринчи крипто-валюта банкынын долбоорун ишке киргизгендигин жарыялашкан. Independent Decentralized Finance SmartBank & Ecosystem бренди менен аталган долбоор 2021-жылдын апрелинде иштей баштаган.

Ошондой эле Александр Лебедев, 15 жылдан бери дүйнөлүк каржы тутумундагы “ыплас акчалардын” кыймылын иликтеп, глобалдык оффшордук таштанды жайынын иштөө механизмдерин иликтеп келе жаткандыгы туурасында alebedev.ru порталына жазган.

“Жөнөкөй изилдөө жана журналисттик ишмердүүлүк жараткан көйгөйлөр мага кол көтөрдү. Менин тергөө субъекттери тарабынан: жасалма кылмыш иштери, ЖМКлардагы каралоо кампаниялары, ишкерлерге кол салышты”, — дейт Лебедев.

Лебедев оффшордук мафия менен күрөшүү үчүн китеп жазып, ондогон журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, бир нече тасмаларды тарткан.

2019 — жылы Александр Лебедев банк ишин таштап, коомдук иш-чараларга жана медиа-долбоорлорго басым жасай баштаган. Ал көз карандысыз маалымат каражаттарын демократиялык коомдун эң маанилүү институттарынын бири деп эсептейт. «Новая газетанын» акционери катары ал Россиядагы көз карандысыз журналисттик иликтөөнүн символу болуп калган басылманы колдогон жана Британиялык London Evening Stadard жана The Independent гезиттерин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты