​Президенттин басма сөз катчысы эл өкүлүн этияттап сүйлөөгө чакырды

  • 3 года мурун

Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго «Кыргызстандын дунган этносунун коомчулугу ассоциациясы» бирикмеси кайрылып, ЖК депутаты Бактыбек Райымкуловдун дунгандар боюнча сүйлөгөн сөзүнө реакция кылууну өтүнүшкөн.


Өткөн жумада Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондорду өнүктүрүү боюнча комитетинин кезексиз жыйынында сабизге болгон баалардын кескин кымбаттап кетиши боюнча депутат Б.Райымкулов кеп козгоп, буга дунган улутундагы дыйкандарды айыптап, “Дунгандар бааны жасалма көтөрүп жатышат. Москва жана Сокулук райондору жетиштүү деңгээлде суу алышат, дунгандар ошол жерлерде жашайт, алар бааларды көтөрүп жатышат», — деген.

Ушуга байланыштуу өлкө башчысынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратып:

“Президент Садыр Жапаров бардык жарандарды, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкө бүтүндүгүнө жана элдин биримдигине доо кетирип, улуттар аралык ынтымакка терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон билдирүүлөрдөн сак болууга чакырат. Элдердин улуттар аралык биримдигине байланыштуу ар кандай билдирүүлөр өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасир этиши мүмкүн”, — деген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты