​Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков ИИМге суракка чакырылды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков ИИМге суракка чакырылганын билдирди.


Ал 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийинки октябрь окуяларына байланыштуу чакырылган.

Буга чейин “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова дагы суракка чакырылганын кабарлаган.

Ошол эле октярь окуясы боюнча “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов дагы суракка чакырылып, УКМК имаратын басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган.

Учурдагы Президент Садыр Жапаров 2020-жылы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп аянтка чогулган элдин шары менен бийликке келген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты