​Ошто партиялар чүчү кулак ыргытууга келбей коюшту

  • 3 года мурун

Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер партиялар Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы уюштурган партиялардын бюллетендеги катар номурун аныктоочу чүчү кулак ыргытуу иш-чарасына келбей коюшту.


Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кушубак Ниязбековдун айтымында, «Улуу Журт», «Улуттар Биримдиги», «Бир Бол», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Келечек-Будущее» партияларынын нааразычылыгына 18 талапкерди шайлоодон четтетүү чечиминин жокко чыгарылганы себеп болгон.

Бул боюнча Кушубак Ниязбеков:

“18 талапкер боюнча соттун өкүмү жок. Талапкердин шайлоого катышуусуна тыюу салган соттун чечими болушу керек. Ошондуктан, биз аларды алып сала алган жокпуз, бирок буга чейин милицияга кайрылганбыз. Мыйзамга ылайык, эгерде соттун чечими чыкса, шайлоо өнөктүгү учурунда деле талапкерди алып салууга болот ”, — деди.

Ош шаардык кеңешине 9 партия салышууда.

«Ынтымак»;

«Улуу Журт»;

«Бир бол»;

«Биздин Кыргызстан»;

«Бүтүн Кыргызстан»;

«Ата-Журт Кыргызстан»;

«Улуттар биримдиги»;

«Келечек-Будущее»;

«Нур».

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты