​Коронавирус “жашарды”, былтыр андай эмес болчу

  • 3 года мурун

Республикалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын башкы врачы Гүлжигит Аалиев коронавирус илдетине чалдыккандардын арасында жаштардын саны арбып жатканына тынчсызданды.


Учурда аталган ооруканада бир дагы бош орун жок. Жаштар көп ооруп жатканын айткан башкы врач:

“Кечээ эле 16 жашка чейинки 4 бала келип түштү. Абалдары оор жана орточо. Былтыр 20-30 жаштагылар жандандыруу бөлүмүнө оор абалда түшкөн эмес. Быйыл болсо коронавирус “жашарып” жатканын байкап жатабыз”, — деди.

Ошондой эле Гүлжигит Аалиев былтыркыдай башаламандык болбой турганын, анткени врачтар ооруну дарылоону үйрөнүп, даярдыгы жакшы болгонун калганын айтып, кыргызстандыктарды той, ашка барбай турууга чакырып, үйдө өз алдынча дарыланбагыла деген кеңешин берди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты