​Казак тарап жээктерин бекемдеп алган, биз эми баштайбыз

  • 3 года мурун

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы Чүй дарыясынын жээктерин бекемдебесек, жүздөгөн гектар жерибизден кол жууп жатканыбызды Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.


“Чүй дарыясынын жээги желип отуруп, Кыргызстан 800 гектар жерин жоготту. Буга чейин эч ким олуттуу көңүл бурган эмес. Президент каражат бөлүп берүүнү, чек мындан ары биз жакты көздөй жылбай тургандай кылып, жээктерин бекемдөөнү тапшырды”, — деди.

Министрдин айтымында, чек ара Кыргызстанды гана көздөй жылып келген. Анткени Казакстан дайым жээктерин бекемдеген курулуштарды тынбай жасап, жакында эле экнчи дамбасын куруп бүтүшкөн.

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара тилкеси дал ушул Чүй дарыясы менен экиге бөлүнөт.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты