​Сак болгула! Кыргызстанда августка чейин ковидден кайтыш болгондордун саны көп болоору эскертилди

  • 3 года мурун

Белгилүү “The Lancet” журналы COVID-19 илдети боюнча дүйнөлүк окумуштуулардын иликтөөлөрүн жарыялады.


Андагы мааалыматка караганда, коронавируска каршы жасалып жаткан иш чаралардын деңгээли Кыргызстанда анча эмес.

Окумуштуулардын тобу дүйнө өлкөлөрүндөгү 100 миң адамдын ичинен 2021-жылдын 1-июнунан 31-августуна чейин канча адам коронавирустан кайтыш болоорун эсептеп чыгышкан.

Кыргызстандагы көрсөткүч тилекке каршы жогорку деңгээлдегилердин катарына кирген.

Алардын эсеби боюнча өлкөбүздөгү 100 миң адамдын 256дан 512ге чейинкиси COVID-19дан кайтыш болоору эскертилди.

Кыргызстандагы коронавирус илдетинин жайылышы боюнча математикалык моделдөө ишин жүргүзүп, былтыр «кара июль» окуясы болоорун алдын-ала айтышкан көз карандысыз эксперттердин тобу жакынкы 2 жумада COVID-19 оорусу кескин көбөйүп кетиши мүмкүн экенин эскертишкен.

Борбор калаадагы коронавирустук кырдаалдын начарлашына байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөө режимине которууну 20-июнь күнү сунуш кылган.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты