Бишкекте чектөөлөр алынды. Бирок вирустун жайылышы күч алууда

  • 3 года мурун

Бишкекте коомдук тамактануучу жайлардын иштөөсүнө коюлган чектөөлөр алынып салынды.


Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачеванын айтымында, мындай чечим өзгөчө кырдаалдар комиссиясынын отурумунда кабыл алынган.

«Эмне үчүн мындай чектөөлөр киргизилди? Биринчиден, бул Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин жана республикалык штабдын сунушу болгон. Бирок, чектөө боюнча талаптарды эч ким аткарган жок. Бүгүн рестораторлор менен жолугушуу болуп, алар бардык эрежелерди так сактоого убада беришти”, — деди Виктория Мозгачева.

Эске салсак, түнкү клубдар, ресторандар, коомдук тамактануу түйүндөрү, кафелер, караоке, барлар, анын ичинде соода жана көңүл ачуу борборлорунун иштөөсүнө 23.00дөн 7.00гө чейин чектөө чараларын Бишкек мэриясы 17-июнда киргизген.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев 15-июндагы маалымат жыйынында Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын үчүнчү толкуну башталганын айткан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты