​Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты

  • 3 года мурун

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен Кыргызстан боюнча 59 мектеп бүтүрүүчүлөрү эң жогорку упай топтоп, «алтын сертификаттарга» ээ болушту.


Эң жогорку 232 баллды Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы лицейдин бүтүрүүчүсү Жайдар Нургазиев алды.

Андан кийинки эң көп упай чогулткан окуучу Бишкек шаарындагы француз тилин тереңдеп үйрөткөн №26 – гимназия-комплексинин бүтүрүүчүсү Сарыгулова Алия болду. Анын упайы – 230.

“Алтын сертификатка” ээ болгон 59 окуучунун 13ү Бишкек шаарындагы Э.Б. Якир атындагы автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин бүтүрүүчүлөрү.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты