“Ата-Мекен” фракциясынын лидери ишеничтен кетти
- 3 года мурун
Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясы лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк жарыялашты.
Фракциядагы көпчүлүк депутаттардын добушу менен Сайдулла Нышанов лидерликтен алынган.
Ушул жылдын башынан бери “Ата-Мекен” фракциясында 3 лидер алмашты.
2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Өмүрбек Текебаев лидердигин кайтарып алып, 2021-жылдын 5-январында депутаттык мандатынан айрылган.
Ордуна Айсулуу Мамашева шайланып, март айында өткөрүп берген. Ордуна мурда фракция мүчөлүгүнөн баш тарткан Сайдулла Нышанов шайланган.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү