​Күч органдары Алмамбет Салиевге таандык делинген 900 миң долларлык мүлктөрүн санап берди

  • 3 года мурун

Президенттик администрация башчысынын мурдагы орун басары Алмамбет Салиевдин жакын адамдарына катталган кыймылсыз мүлктүн жалпы баасы 900 миң доллардан ашат.


16-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган Алмамбет Салиевдин күйө баласынын наамына төмөндөгүдөй мүлктөр катталган.

— Ч.Айтматов проспектиси, 91-үйдөгү батир. Бул жакта Алмамбет Салиев өзү жашаган;

— М. Элебаев көчөсүндөгү бүтпөгөн объект;

— М. Элебаев көчөсүндөгү унаа токтотуучу жай;

— Элебаев көчөсүндөгү №2-үйдөгү эки батир;

Матросов көчөсүндө жайгашкан Салиевдин аялынын эжесине катталган турак үй (наабайкана);

Мындан тышкары, Ош шаарындагы “Астра Плюс» ЖЧКсы тарабынан салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушуна Алмамбет Салиев аялынын М.Г аттуу бир тууганынын атынан 50 миллион 247 миң сом турган 844,5 чарчы метрди түзгөн кеңсени алуу боюнча үлүштүк келишимге кол койгон.


Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты