​Арменияда Пашиняндын партиясы ишенимдүү жеңишке жетти

  • 3 года мурун

Армениядагы 20-июнда өткөн парламенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчысы, премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашиняндын “Жарандык келишим” партиясы шайлоого катышкандардын дээрлик жарымынан көбүнүн добушуна ээ болду.


21-июндун таңына карата Армения боюнча 2008 шайлоо участкасынын 1700үндөгү добуштар саналып бүттү.

Алдын ала маалыматтар боюнча Никол Пашиняндын “Жарандык келишим” партиясы 55,25 пайыз добуш алды.

Мурдагы президент Роберт Кочеряндын “Армения” блогу 20,25 пайыз менен экинчи орунду ээлөөдө.

Дагы бир экс-президент Серж Саргсяндын “Намысым бар” блогу армяндардын 5,23 пайыз добушуна ээ болду.

Бизнесмен Гагик Царукяндын “Өнүккөн Армения” партиясы 4,23 пайыз добуш топтоду.

Парламенттик башкаруудагы Арменияда шайлоо босогосу партиялар үчүн 5 пайыз, ал эми блоктор үчүн 7 пайыздык чек белгиленген.

Фото интернеттен алдынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты