​Мурдагы шайлоодо мыйзам бузгандар тизмеден чийилди

  • 3 года мурун

Ош шаардык кеңешине болгон кайра шайлоого 9 партиядан 763 талапкер ат салышууда.


20-июнь күнү Ош шаардык аймактык шайлоо комиссиясы 9 партиянын 76 талапкерин шайлоодон четтетүү чечимин кабыл алган.

Бул боюнча «Азаттыкка» түшүндүрмө берген Ош шаардык АШКсынын төрагасы Кушубак Ныязбеков:

«763 талапкер тогуз партиядан катталган. Анын ичинен 76 талапкердин документтери толук болбой жана башка ар кандай себептер менен шайлоодон четтетилди. 76 талапкердин ичинен мурунку шайлоодо мыйзам бузганы үчүн 14 талапкер тизмеден чыгарылды», — деген.

11-апрелдеги шайлоодо мыйзам бузууга барган 14 талапкердин баары тең«Ата Журт-Кыргызстан» жана «Улуттар Биримдиги» партияларынын өкүлдөрү.

Эске сала кетсек, Ош шаардык кеңешине болгон апрелдеги шайлоодо:

«Ата Журт Кыргызстан» — 27 мандат;

«Улуттар Биримдиги» — 11 орун;

«Ыйман Нуру» — 4 мандат;

«Ынтымак» — 3 мандат алган.

11 –май күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Ош шаарындагы 78 участоктун 27исиндеги жыйынтыктарды жараксыз деп таап, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты