​Электр жылыткычтарын пайдаланууга тыюу салынды

  • 3 года мурун

«Түндүкэлектр» жана «Чыгышэлектр» ишканаларынын бир катар абоненттери электр энергиясын жылытуу үчүн пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө билдирүү алышты.


Анда алдыдагы күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде кыргызстандыктарга жылыткыч, кондиционер жана башка жабдууларды иштетүү үчүн электр энергиясын колдонууга тыюу салынаары, баш ийбегендер чектөөлөргө туш болушаары эскертилген.

«Токтогул суу сактагычындагы суунун деңгээли кескин төмөндөп кеткенине жана электр энергиясынын жетишсиздигине байланыштуу электр энергиясын жылытуу жана башка жылуулук процесстерине колдонууга толук тыюу салынгандыгы жөнүндө маалымдайбыз.

Кыш кыйын болот. Энергияны үнөмдөөнү азыртадан суранып жатабыз.

Эгер тыюу салуулар аткарылбаса, сизге электр энергиясын чектөө менен электр энергиясын керектөөнүн жекече чеги белгиленет.

Мажбурлап чектөө чараларын көрбөө үчүн жылуулук менен камсыздоонун альтернативдүү булактарын алдын-ала караштыра берүүңүздү суранабыз», — деп жазылган билдирүүдө.

6 – июнь күнү Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы Бакыт Сыдыков “Эгерде кырдаалды турукташтыруу боюнча чечкиндүү чараларды көрбөсөк, анда Кыргызстандын энергетикалык тутуму кыйрап, Токтогул ГЭСи токтоп калышы мүмкүн»,- деген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты