​«Торугарт», «Эркештамдан» унаалардын өтүшү тездейт

  • 3 года мурун

Кытай кыргыз бийлигине «Торугарт» жана «Эркештам» аркылуу унаалардын өтүшүн ыкчамдатуу боюнча сунушун берди.


18-июнь күнү Экономика жана каржы министрлигинин өкүлдөрү кытайлык тарап менен видеоконференция өткөрдү.

Анда алар «Торугарт» жана «Эркештам» өткөрмө пунктары аркылуу өтүүчү транспорттук каражаттардын өтүшүн тездетүүнү шарттаган механизмди сунуштаган.

Өлкөбүздүн Экономика жана каржы министрлиги кытайлыктардын сунушу боюнча толук кандуу маалымат берген эмес, бирок айрым оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүү менен алардын сунушун колдоого алганын кабарлады.

Кыргызстандык экономисттер бул аракетти кубаттоого алып, кыргыз экономикасы үчүн олуттуу чечим экенин айтышты.

Фото Султан Досалиевдики

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты