​21-июнга чейин минибустар кыргызстандыктарга биометриядан өтүүгө жардамдашат

  • 3 года мурун

21-июнга чейин Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында атайын микроавтобустар кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын кайрадан кабыл ала башташат. Ошол эле жерде жарандар жашаган жери боюнча каттоого турса жана паспортту алмаштырса болот.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Бул өнөктүк 17июнда башталган.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоот2021-жылдын 11-июлуна дайындалган.

Учурда шайлоочулардын тизмесине 3 606 201 шайлоочу киргизилген.

11-апрелде Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек шаардык кеңешине жети пайыздык босогодон “Эмгек”, “Ак-Бата”, Кыргызстан элдик демократиялык партиясы, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Биздин Эл” партиялары өткөн. Аймактык шайлоо комиссиясы 12-майда Бишкек шаардык кеңешине добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарган.

Буга Кыргызстан элдик демократиялык партиясы , “Эмгек” жана “Ак Бата” партияларынын шайлоодон четтетилгени, добуштары жараксыз деп табылганы негиз болгон.

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылгандыгына байланыштуу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайталап шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна, жекшемби күнгө дайындалды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты