​Москвада массалык иш-чара өткөргөндөргө 300 миңге чейин айып салынат

  • 3 года мурун

Акыркы жумаларды Россияда коронавирус илдети катуу күч алды. Абалды андан ары курчутпоо үчүн Москва шаардык бийлиги санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандарга катуу чара көрүлөөрүн эскертти.


Москва шаарында массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган эрежени бузгандарга 1 миң рублдан 300 миңге чейин айып пулдар каралган.

жеке жарандар үчүн 1 миңден 30 миң рублга чейин;

кызмат адамдары үчүн 10 миңден 50 миң рублга чейин;

жеке ишкерлер үчүн 30 миңден 50 миң рублга чейин;

юридикалык тараптар үчүн 100 миңден 300 миң рублге чейин айып салынат.

Эгер тыюу салган эрежелерге баш ийбегендиги адам өмүрүнө же мүлккө зыян алып келсе, айып пулдун өлчөмү жеке ишкерлер жана компаниялар үчүн 500 миңден 1 миллион рублге чейин жогорулашы мүмкүн.

Ошондой эле эрежеге баш ийбеген компаниялардын ишмердүүлүгүн 90 күнгө чейин токтотуп салуу жагы да каралган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты