​Чыңгыз Айтматовдун унаасы реставрацияга берилди

  • 3 года мурун

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов көп жыл айдаган УАЗ-469 унаасы оңдоп-түзөөдөн өткөн соң, Айтматов үй музейине кайтарылат.


Бул кабар менен Чыңгыз Төрөкуловичтин кенже уулу Элдар Айтматовдун келинчеги Сабира Айтматова социалдык түйүндөгү баракчасына бөлүшкөн.

Алар атасынан калган таберикти жасалгалап, алгачкы кейпине келтирген соң, каалоочулар Айтматов музейинен көрсө болоорун билдиришкен.

1976-жылы чыгарылган УАЗ-469 унаасын Чыңгыз Айтматов көп жыл кастарлап айдап, 1998-жылы Чүй облусунун Арашан айылында жашаган Мурат аттуу тууганына белек кылган.

Фото Сабира Айтматованыкы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты