​Кызматкерлердин 50 пайызын аралыктан иштөө режимине өткөрүү сунушталды

  • 3 года мурун

Борбор калаадагы коронавирустук кырдаалдын начарлашына байланыштуу Бишкек шаардык мэриясы менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөө режимине которууну сунуш кылды.


Аралыктан иштөөгө биринчи кезекте, 60 жаштан жогору же өнөкөт ооруларга (гипертония, диабет, өнөкөт респиратордук ооруларга) чалдыккан тобокелдик тобундагы кызматкерлер кетиши керек.

Ошондой эле шаардык мэрия мекеме, уюмдардагы санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын жетекчилер көзөмөлгө алып, ал үчүн жекече жоопкерчилик тартаарын эскерткен.

Былтыркы «кара июль» окуясын алдын ала эскертишкен көз карандысыз эксперттер тобу жакынкы эки жумада COVID-19 оорусу кескин көбөйүп кетиши мүмкүн экенин айтып, калкты болушунча оорудан сактанууга чакырган.

Фото интернеттен алынды


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты