​Эртең 150 миң доза “Синофарм” вакцинасы алынып келинет

  • 3 года мурун

Коронавирус илдетине каршы кытайлык “Синофарм” вакцинасынын кезектеги партиясын Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер кызуу жүрүп жатканын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.


19-июнь күнү журналисттерге берген маалыматында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев:

“Коронавирустук инфекцияга каршы вакциналар менен камсыз кылуу боюнча күнү-түнү сүйлөшүүлөр жүрүп жатат Эртең биз 150,000 доза “Синофарм” вакцинасынын келиши күтүлүүдө. Инфекцияны токтотуу үчүн көп жарандарыбызды эмдөөдөн өткөрүү керек”, — деди.

Ушул жылдын 8-май күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19га каршы сунуштала турган вакциналардын катарына кытайлык “Синофарм” вакцинасын колдонууга уруксат берген.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты