​Эксперттер жакынкы 2 жумада COVID-19 катуу күч алаарын эскертишти

  • 3 года мурун

Көз карандысыз эксперттер тобу жакынкы эки жумада COVID-19 оорусу кескин көбөйүп кетиши мүмкүн экенин эскертишти.


Бул эксперттер өткөн жылы Оксфорддун окумуштуулары менен биргеликте Кыргызстандагы коронавирус илдетинин жайылышы боюнча математикалык моделдөө ишин жүргүзүп, «кара июль» окуясы болоорун алдын-ала айтышкан.

Аталган топтун мүчөсү, эпидемиолог жана ЮСАИД долбоорунун адиси Айжан Дооронбекованын айтымында, жакынкы эки жумадагы божомол боюнча 2-июлга чейин алымча, кошумчасы менен бир күндө 1500 адамдан COVID-19 илдети табылаары болжолдонууда.

Ошол эле учурда, ооруканага жаткырылгандардын саны 6707 адамды түзүп, ооругандардын саны 16 миң 358 адамды түзөт дешти.

Быйыл “Дельта вирус” деп аталган Индия штаммынын да Кыргызстанда жайылышы абалды оорлотуп, ооруну дагы да күчөтүшү мүмкүн.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты