Бишкек мэриясы күндүзгү стационарларды ачууга даярданууда
- 4 года мурун
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева шаардык мэрия күндүзгү стационарларды ачууга даяр экенин билдирди.
Эпидемиялык абал мындан да курчуп кетсе ачылаарын айткан вице-мэр:
«Чечимди республикалык штаб жана Саламаттыкты сактоо министрлиги кабыл алышы керек. Бирок, керек болсо биз аларды ачууга даяр болушубуз керек»,-дейт.
Анын айтымында, Бишкек шаарынын ар бир районуна билим берүү мекемелеринин базасында экиден стационар ачуу пландаштырылууда. Төртөө даяр, дагы төртөө даярдалууда.
Белгилей кетсек, бүгүн, 19-июнда Кыргызстан боюнча коронавирус илдетин жуктургандардын саны 870 адамга жеткен. Мындай көрсөткүч былтыр, биринчи толкун каптаган — «кара июль» мезгилинде болгон.
Кыргызстанда бул дартка кабылгандардын жалпы расмий саны 114 300гө жетти. Алардын 1925и каза болуп, 104 706сы сакайды.