​Россиянын Кемеров облусунда учак кулады

  • 3 года мурун

19-июнда эртең менен Россиянын Кемеров облусунун Журавлев айылына жакын жерде L-410 тибиндеги жеңил моторлуу учак кулады. Акыркы маалыматтарда тогуз адам курман болгону маалымдалды.

Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Маалыматка караганда, учакта 24 адам болгон. Тогуз адам каза тапты. 15 адам жабыр тартты.

L-410 тибиндеги жеңил моторлуу учак Танай аэродромунан учуп чыккан. Анда парашютист спортчулар болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты