​Чоң Чүй каналынын түштүк курулуш долбоору боюнча сунуш киргизүү жана курулуш иштерин баштоо тапшырылды

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орто-Токой суу сактагычына жана Чүй облусунун суу чарба объектилерине 18-июнда барганда, Улукбек Марипов жакын арада түштүк Чоң Чүй каналынын курулуш долбоору боюнча сунуш киргизүү жана курулуш иштерин баштоону тапшырды.

“Суу кое берилип жатат, бирок суунун көп бөлүгү жолдо жоготууга учурап жатат. Бул коңшу өлкөгө сууну агызып жаткандыгыбыз, же айрым дыйкандардын талааларына суу берилип жаткандыгы менен байланыштуу эмес. Чу дайрасынын нугундагы жогорку фильтрацияга байланыштуу суу ресурстарынын тартыштыгы көйгөйүн чече ала турган ондогон кубометр суулар жоготууга учурап жатат. Ошондуктан биз келечекте сууга байланыштуу көйгөйлөр болбошу үчүн ыкчам тартипте чечим кабыл алышыбыз керек» Марипов.

Орто-Токой суу сактагычынан секундуна 120 кубометр көлөмдөгү суу кое берилсе, анын 110 кубометри Чүй облусу үчүн каралган. Чыгыштагы Чоң Чүй каналынын башкы суу курулмасына болжол менен 80 куб метр суу жетет, 30 куб метр суу фильтрацияга кетет. Бул суунун толтурулгус жоготуусу.

«Учурда Чүй өрөөнүнүн сугат тутумун өнүктүрүү боюнча долбоорду ишке ашырууну тездетүү маанилүү. Кеп түштүк Чоң Чүй каналын куруу тууралуу жүрүүдө. Ал үчүн биринчи кезекте Чүй каналынын айланып өтүүчү экинчи бутагын куруп баштоо керек. Ошондо суунун жоготуусу орун албайт», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Улукбек Марипов жакын арада түштүк Чоң Чүй каналынын курулуш долбоору боюнча сунуш киргизүү жана курулуш иштерин баштоону тапшырды.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин бас ма сөз кызматы билдирди.

17-июнда Жогорку Кеңеште сугат суусунун тартыштыгы боюнча маселе көтөрүлүп, анда сугат суусунун тартыштыгы сынга алынды.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты