​Казат Акматовдун 80 жылдыгына арналган конференция өттү

  • 3 года мурун

18-июнда Жогорку Кеңеште жазуучу, прозаик, драматург, сценарист жана коомдук ишмер маркум Казат Акматовдун 80 жылдыгына арналган илимий конференция өттү.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү, легендарлуу парламенттин депутаттары, Казат Акматовдун туугандары катышты.

Конференцияда Казат Акматовдун Кыргызстандагы демократиялык жаңыланууларга кошкон салымы баса белгиленип: “Легендарлуу парламенттин депутаты жана “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын лидери катары салымы

Казат Акматов “Мезгил”, “Күндү айланган жылдар”, “Мунабия”, “Архат” сындуу мыкты чыгармалардын автору.

1978-жылы жарыяланган “Эки сап өмүр” повести Островский атындагы Бүткүн союздук адабий сыйлыкка татыган.

Ошондой эле коомдук-саясий иштерге да жигердүү аралашып, СССРдин Жогорку Советинин, Жогорку Кеңештин биринчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияны да жетектеген.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты