​Нарында жаңы инфекциялык оорукана ишке берилди

  • 3 года мурун

Былтыр август айында курулушу башталган Нарындагы инфекиялык оорукананын курулушу аяктап, ишке берилди.


Жалпы баасы 79,2 миллион сомго турган бул оорукана 70 орунга ылайыкталган.

Курулуш ишин “Мерибелл Текстиль Иншаат” жоопкерчилиги чектелген коомунун подряддык ишканасы жүргүзгөн.

Оорукананын ачылышын жасаган Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева:

“Мында дарыгерлер жана бейтаптар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Министрлер кабинетинин атынан жугуштуу оорулар бөлүмүнө жалпы суммасы 3,5 миллион сомдук акцент генераторлор, ИВЛ аппараттары, кислороддук концентраторлор жана мониторлор сыяктуу медициналык жабдууларды тапшырдым”, — деди.

Нарын облусунун башчысы Сабыркул Ашимбаев имарат акжолтой болуусун тилек кылып, Кытайдын Кызыл-Суу автономдуу облусунан Нарынга белек катары келе жаткан 2,5 миллион сомдук “тез жардам” автоунаасын аталган ооруканага берээрин айтты.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты