​Коронавируска каршы сайылып жаткан вакциналар уу эмес (Фактчекинг)

11-май күнү, Россиянын nakanune.ru сайтында “Канадалык окумуштуулар коронавируска каршы сайылып жаткан вакциналардын курамында уу бар экенин табышты”,- деген маалымат жарыяланган. Билдирүүдө, Гвельф университетинин иммунологу Брайам Бридиль жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасында ушундай жыйынтыкка келгени айтылат.

​Коронавируска каршы сайылып жаткан вакциналар уу эмес (Фактчекинг)

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү

27-майда, Канадалык радио алып баруучу Алекс Пирсон, Онтарио штатындагы Гуэлф университетинин доктору Брайам Бридль менен маек курган. Интервьюнун жүрүшүндө, Брайам Бридль “Вакцина балдар үчүн коопсузбу?” деген суроого:

“Биз чоң ката кетирдик. Биз ушул убакка чейин вакцинадагы протеиндин өзү токсиндүү жана патогендүү белок экендигин эч качан билген эмеспиз, андыктан адамдарды вакцинациялоо учурунда аларды байкабай ууландырып алабыз. Бул эң алгач жүрөк кан тамыр системасын жабыркатып кийин бардык организмге таасирин берет”-, деп билдирген.

Бул илим чөйрөсүндө кызуу талкууга алынып бир топ окумуштуулар каршы чыккан.

Вакциналардын иштөө принциби

Вирустук илдеттерге каршы ойлонуп табылган вакциналардын дээрлик баарынын иштөө тартиби бирдей. Алсак, айлана-чөйрөдө “патоген” же болбосо ооруну козгой турган вирустук бөлүкчөлөр кездешет. Ал адамдын организмине киргенде, белгисиз заттарга каршы организм “антителолорду” иштеп чыга баштайт. Белгилүү бир антигенге мүнөздүү антителолор пайда болгондон кийин, алар башка иммундук система менен иштешип, козгогучту жок кылып, ооруну токтотушат. Эгерде организм бир эле патогенге бир нече жолу дуушар болушса, антителолор биринчи жолкуга караганда тезирээк жана натыйжалуу реакция кылышат, анткени эс тутум клеткалары ошол ооруга каршы антителолору даяр болот.

​Коронавируска каршы сайылып жаткан вакциналар уу эмес (Фактчекинг)

Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, калкты илдеттен коргоо максатында сайылган вакциналардын курамында да оорууну козгогон “патоген” же ошол ооруунун бөлүкчөлөрү бар. Алар аз өлчөмдө киргизилип, организмде оорууга каршы иммунитет пайда кылат. Мисалы, коронавируска каршы сайылып жаткан вакциналардын курамында да коронавирусту козгоочу бөлүкчөлөр бар. Адам эмделгенде, анын курамындагы вирус кошо киргизилип организмде коронавируска каршы иммунитет пайда болот.

Бир катар изилдөөлөрдө, бул вирустук бөлүкчөлөр адамдын организмин жабыркатпай турганы тастыкталган. Алсак, Миннесота медициналык университетинин изилдөөчүсү Уильям Матчетт: «Вакцинадагы протеини иммуногендик, демек, ал иммундук реакцияны пайда кылат, бирок ал токсин эмес», — деп билдирген.

Ал эми, Гвельф университетинин иммунологу Брайам Бридиль айткан терс таасирлери, вакцинаны уу экенинен эмес организмдин вакцинага болгон табыйгый реакциясы экени айтылган. Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму вакцинадан кийин дене табынын ысышы же булчуң оорусу сыяктуу жеңил же орточо терс таасирлеринин пайда болушу организмдин вирус менен күрөшүү учурунда дене табынын көтөрүлүшү менен шартталааарын белгиленген.

Ал эми, бул убакка чейин коронавируска каршы вакцина алгандан кийин каза болду деген фактылар далилденген эмес.

Белгилей кетсек, азыркы учурда дүйнөнүн 100 дөн ашуун өлкөлөрүндө эмдөө өнөктүгү жүрүп жатат.

Жыйынтык: Калп. Коронавируска кашы вакциналардын курамындагы протеиндер бардык вакциналарда болуп келген. Мындан сырткары, анын организмге терс таасири илимий жактан далилденген эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты