​ЖЭБди газга өткөрүү боюнча “Газпром” менен сүйлөшүүлөр токтотулду

  • 3 года мурун

Бишкек шаарын кышкысын жылуулук менен камсыздаган Бишкек жылуулук электр борборун быйыл кышында көмүрдөн газга өткөрүү боюнча маселе көтөрүлгөн.


Бул маселе тууралуу кеп козгогон Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Бишкек ЖЭБин газдаштыруу боюнча “Газпром” менен болгон сүйлөшүүлөр токтогонун билдирди.

“Газдын баасы боюнча келише алба калдык. 1000 куб метрине арзандаткандан кийинки 175 доллардан сунушталып жаткан баа Кыргызстандын экономикалык абалына туура келбейт. Ошондуктан “Газпром” менен сүйлөшүүлөр токтоду. Учурда Түркмөнүстан менен маселени чечкенге аракет кылып жатабыз. Азырынча Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү маселеси ачык бодон турат”, — дейт Улукбек Марипов.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты