​Бейөкмөт уюмдар тууралуу «жээнбековдук мыйзам долбоорун» парламент 3-окууда кабыл алды

  • 3 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары 17 – июнь күнү үчүнчү окууда бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышты.


Аталган мыйзам долбоору боюнча, эми бейөкмөт, коммерциялык эмес уюмдар ар жыл сайын каражатты кайдан алып, кайда жумшап жатканы боюнча отчет берүүгө милдеттендирилет.

Ошондой эле ал уюмдардын кирешелери, мүлктөрү коммерциялык сыр болуудан калат.

Депутаттар: Бакытбек Райымкулов, Умбетылы Кыдыралиев, Улан Примов, Жылдыз Мусабекова, Бактыбек Турусбеков, Марлен Маматалиев, Евгения Строковалар демилгелеген бул мыйзам долбооруна жарандык коомдо кескин сындар айтылып, нааразычылыктар көп болгон.

Бул мыйзам долбоорун каршы чыккан депуттардын бири Дастан Бекешов:

“Бул жээнбековдук мыйзам. Депутаттар муну жазган эмес. Президенттик аппарат жазып, ылдый түшүргөн. Мүлкү, кирешеси, чыгашасы эми коммерциялык сыр болбой калабы? Коммерциялык эмес уюмдардын банктык эсеби ачыкталып, эртең каалаган бирөө аларга каршы аракеттерди жасай алат. Бул өтө туура эмес мыйзам долбоору. Мен президенттен бул мыйзам долбооруна кол койбоону өтүнөм. Ушул жана фейк маалыматтар тууралуу мыйзам долбоорлору өлкөбүзгө чоң кесепеттерин тийгизет. Конституцияга дагы каршы келет”, — деди.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты