​Германиянын Кыргызстанда ишке ашырчу конкреттүү бизнес-долбоорлору бар

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда, Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы ардактуу консулдарынын делегациясы менен жолугушту.


Садыр Жапаров Бавария, Шлезвиг-Хольштайн, Гамбургдагы Кыргызстандын ардактуу консулдарын кабыл алды.

Президент Германия менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги артыктчылыктуу багыттарынын бири экенин айтып, чет элдик инвесторлорду ар тараптуу колдоого жана аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Кыргызстандын Германиядагы ардактуу консулдары да инвесторлордун ийгиликтүү иштөөсү үчүн жагымдуу чөйрө маанилүү экендигин айтышты.

Ошондой эле Кыргызстанда бизнес-долбоорлорду ишке ашыруу боюнча алардын конкреттүү идеялары бар экендигин да кошумчалашты.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты