​Чүйдүн дыйкандары суу берилбесе жол тосууга даяр

  • 3 года мурун

Бүгүн парламенттин тармактык комитетинде сугат суунун тартыштыгы, кымбатчылык, азык – түлүк коопсуздугу талкууга алынды.


ЖКнын Агрардык саясат жана суу ресурстары боюнча комитетинин жыйынына Чүй облусунун Жайыл, Панфилов райондорунун дыйкандарынын өкүлдөрү келип, көйгөйлөрүн эл өкүлдөрүнө, комитет жыйынына катышып жаткан Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө айтышты.

Дыйкандар жүздөгөн гектар жүгөрү, кызылча айдашкандарын айтып, 10 күндүн ичинде суу келбесе, ал талаалардын эч кимге кереги жок болуп калаарын билдиришти.

“Азыр бир туугандар бири-бири менен кетмендешип, согушуп жатат. Болгон мүлкүн күрөөгө коюп, кредит алышкан. Чукул убакытта чечилбесе, эл жолду жабабыз деп жатат”, — дейт дыйкандар.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өткөн жума аталган райондорго барганда эгин талааларына суу берилип, ал кетээр замат кайра токтоп калган.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты