​Коңшуларга сууну сатуу маселеси көтөрүлдү

  • 3 года мурун

Бүгүн, 17 – июнда парламенттин тармактык комитетине Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов келип, депутаттардын суроолоруна жооп берди.


Сугат суунун тартыштыгы башкы маселе болуп, депутаттар Улукбек Мариповго бир катар сындарын айтышты.

“Республика – Ата – Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев:

“Орто-Токой”, “Токтогул”, “Киров” суу сактагычтарындагы сууну жаппайсыңарбы? Өзүбүзгө суу жетпей жатса, эмнеге коңшуларга беришибиз кере? Сууну берүү боюнча Казакстан, Өзбекстан менен эч кандай келишим жок. Кыргыз ССРиндеги келишим ал. Аны азыр эч ким тааныбайт. Биз эле коркконубуздан таанып атабыз. Сууну өзүбүздүн дыйкандарга сатабыз дагы, коңшу мамлекеттерге эмнеге сатпайбыз. Сууну сатмак турсун, микрафондон сууну сатабыз деп айткандан коркосуңар го”, — деп Министрлер Кабинетинин төрагасына түз суроо берди.

Эл аралык келишимдер, коңшулук мамилелер тууралуу айткан Улукбек Марипов суроого так жооп берген жок.

Кыргызстанда быйыл кургакчылык күч алып, Чүй облусунун дыйкандары күн сайын Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышууда.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты