​Бакыт Төрөбаев:“Улукбек Марипов Президентти уят кылып жатат”

  • 3 года мурун

Бүгүн, 17 – июнда Жогорку Кеңештин жыйынына чакырылган Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов келбей калды. Парламентке болгон анын мындай мамилесине депутаттар нааразычылыгын билдиришти.


Депутат Шайлообек Атазов “Эл өкүлдөрү чакыргандан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы отчет бериши керек. Элде кымбатчылык, нааразычылык күчтүү. Жан сакчыларын тегерегине курчап алып өзүн дагы деле премьер-министр сезип жүрөт”, — десе, “Өнүгүү — Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Министрлер Кабинетинин төрагасына ишенбөөчүлүк көрсөтүү демилгесин көтөрдү.

“Улукбек Мариповго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алалы же ишин так аткара алган жок деп бир чечим чыгарышыбыз керек. Ал биз менен пресса аркылуу сүйлөшүп калды. Президентти уят кылып атат. 5 – майдагы Конституция менен иштебейби? Улукбек Мариповго нааразычылык абдан күчөп жатат” – дейт Бакыт Төрөбаев.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты