Жылдыз Бакашева БУУнун өкүлү менен гендердик теңчиликти талкуулады
- 3 года мурун
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашева БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту.
Анда гендердик теңчилик, адам укуктары тууралуу кеп козголду.
«11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоонун жыйынтыгында депутаттык мандаттардын 38 пайызына лидер аялдардын ээ болгону — сиздер менен жемиштүү кызматташуунун аркасында мүмкүн болгонун белгилеп кетким келет. Парламенттик шайлоодо дагы бул багытта жакшы натыйжаларга жетишебиз деген ишенимдемин», — деди Жылдыз Бакашова.
Ошондой эле Жылдыз Бакашева өлкөдөгү гендердик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктаган 2021-2030-жылдарга карата Улуттук стратегияны иштеп чыгууда көрсөткөн жардамы үчүн Бириккен улуттар уюмуна ыраазычылыгын билдирди.
Озоння Ожиело кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендигин айтты.
Фото интернеттен алынды