​Муфтийликке 9 адам талапкер. Алар кимдер?

  • 3 года мурун

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын башчылыгына шайлоо ушул жылдын 26-июнунда өтөт.


Тандоо турунан азырынча тогуз талапкер өттү. Алар: Нурбек Токтогулов, Султанали Гапуров, Шүкүр Исмаилов, Нематилла Жээнбеков, Ниязали Арипов, Убайдулла Сарыбаев, Шакир Маматов, Сайдамир Жейналиев, Замир Ракиев.

29 – майдагы муфтийди шайлоонун алдында КМДБ башчылыгын талашкан айрым топтордун өз ара кармашы күч алган.

25-майда «Бакай» коомдук бирикмесинин жана Аксакалдар кеңешинин мүчөлөрү журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, муфтияттагы «коррупциялык күчтөр» өз адамын, тагыраагы Ниязаалы Ариповду отургузууга аракет кылып жатышканын, талапкерлердин арасынан Султанали Гапуров татыктуу экенин айтышкан.

Буга чейин уламалар кеңеши муфтийди тандоого акысы жок, жалпы эл шайлашы керек экенин айткан айрым адамдар митинг өткөрүп, муфтияттын алдында боз үй тигүүгө аракет кылышкан.

27-майда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин 17- жыйыны өткөрүлүп, төрагасы Кадырбердиев Абилилла өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Өлкөдөгү пандемиялык абалдан улам Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги Курултайы жана муфтийди шайлоо 26-июнга жылдырылган.

Эске сала кетсек, өтпөй калган 29-майдагы шайлоодо муфтийликке: Ниязали Арипов, Султанали Гапуров, Убайдулла Сарыбаев, Нематилла Жээнбеков, Шүкүр Исмаилов жана Нурбек Токтогуловдор талапкерлигин коюшкан.

Фото интернеттен алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты