Бөлүштүрүүчү 4 компания 1 компанияга биригет
- 3 года мурун
«Түндүкэлектр», «Ошэлектро», «Чыгышэлектр» жана «Жалалабатэлектро» ишканалары бир компанияга бириктирилет.
Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев:
«Бүгүн биз тарифке болгон жүктү азайтуу боюнча катаал чараларды көрүүгө аргасызбыз. Тариф энергетикалык компаниялардын чыгымдарынан турат, ошондуктан биз ишканаларды кирешеге чыгаруу үчүн чыгымдарын оптималдаштырышыбыз керек. Учурда Кыргызстанда 4 бөлүштүрүүчү компания бар, бирок алдыңкысы, флагманы «Түндүкэлектро» гана. Калган компаниялар жада калса толук кандуу сатып алууларды жүргүзө алышпайт, ошондуктан азыр чыгымдарды оптималдаштыруу үчүн аларды бир компанияга бириктирүүнү пландап жатабыз”, — деди.
Фото интернеттен алынды
Муну бөлүшүү